Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өнүгүү максаттарынын статистикасы
Бул басылманын максаты - коомчулукту өлкөбүздөгү туруктуу өнүгүүнүн учурдагы абалы жана жүрүшү жөнүндө маалымдоо, ошондой эле Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууда ийгиликке жетүү үчүн андан аркы артыкчылыктуу кадамдарды аныктоого көмөктөшүү.
Бул жыйнакта бардык жеткиликтүү индикаторлор боюнча Туруктуу өнүктүрүү максаттарына (ТӨМ) жетүүдөгү прогресс жөнүндө маалыматтар, анын ичинде 100дөн ашык глобалдык жана улуттук индикаторлор үчүн убакыт катарлары келтирилген, республикада жана анын аймактарында болуп жаткан социалдык-экономикалык жана экологиялык тенденцияларды терең талдоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Бул басылмада Туруктуу өнүгүү максаттарын мониторингдөө боюнча кеңири маалымат, айрым индикаторлордун сүрөттөлүшү жана тиешелүү метамаалыматтар жана бөлүнгөн маалыматтар боюнча прогресстин кыскача баяндамасы камтылган. Бул басылма мамлекеттик башкаруу кызматкерлери үчүн маалыматтуу саясат жана башкаруу чечимдерин кабыл алуу жана андан аркы иш-аракеттер үчүн негизги багыттарды аныктоо үчүн пайдалуу болот.
Басылманы жүктөө